Бишкектен Дубай, Шаржа жана Жиддага аба каттамдары токтотулду

Коом Загрузка... 28 Февраль 2026 21:42
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. Ирандагы учурдагы кырдаалга байланыштуу эл аралык каттамдардын графигине өзгөртүүлөр киргизилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине "Манас" эл аралык аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-марттан тарта белгисиз мөөнөткө чейин "Манас" эл аралык аэропортунан төмөнкү багыттар боюнча каттамдар убактылуу токтотулду:

  • Бишкек – Дубай;
  • Бишкек – Шаржа;
  • Бишкек – Жидда.
"Бул чечим жүргүнчүлөрдүн, экипаждын жана аба кемелеринин коопсуздугун максималдуу түрдө камсыз кылуу максатында кабыл алынды. Учурдагы шартта учуулардын коопсуздугу авиациялык бийликтер, авиакомпаниялар жана аэропорт үчүн башкы артыкчылык болуп саналат. Бардык чечимдер эл аралык коопсуздук талаптарына жана тобокелдиктерди баалоого таянуу менен гана кабыл алынууда", - деп айтылат маалыматта.

Каттамдары токтотулган жүргүнчүлөргө кошумча маалымат алуу, ошондой эле билеттерди кайтаруу же башка мөөнөткө жылдыруу маселелери боюнча тийиштүү авиакомпанияларга же билет сатып алган жерлерине кайрылуу сунушталат.

"Манас" эл аралык аэропорту учурда штаттык режимде ишин улантууда. Кийинки өзгөрүүлөр тууралуу кошумча маалымат берилет.

Эскерте кетсек, бүгүн Израил Иранга каршы сокку уруп, натыйжада Жакынкы Чыгышта абал курчуп кеткен.