Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Бишкектин 7-кичирайондогу «Глобус» дүкөнүнүн унаа токтотуучу жайында жылытуу системасын туташтыруу учурунда пайда болгон бузулуу саат 05:00дө ыкчам түрдө жоюлду.
Мэриядан билдиришкендей, учурда «Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасынын адистери турак үйлөрдүн жер төлөсүндөгү элеватордук түйүндөрдү туташтыруу иштерин жүргүзүп жатышат.
Бардык абоненттер жакынкы сааттарда жылуулук менен камсыздалат.
Муниципалдык ишкана борбор калаанын тургундарын жылуулук жана ысык суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.