Бишкектеги төлөм уюмдарынын бирине 330 миң айып салынды

Экономика 6 март 2026 11:12
Бишкектеги төлөм уюмдарынын бирине 330 миң айып салынды
copyright icon Кабар

Бишкек, 06.03.26. /Кабар/. Улуттук банк Бишкек шаарындагы төлөм уюмдарынын бирине ири өлчөмдө айып пул салды.

Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиришкендей, мындай чечим мекеме тарабынан мыйзам талаптары жана Улуттук банктын ченемдик-укуктук актылары бузулгандыгы үчүн кабыл алынган.

Жалпы айып пулдун суммасы 330 миң сомду түздү.