Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун чуркоо жолдору качан ачыларын айтты.
Агенттиктин маалыматы боюнча, стадионго кирүүгө коюлган убактылуу чектөө чуркоо жолдорун куруудагы технологиялык талаптарды сактоо зарылчылыгына байланыштуу. Учурда 9 чуркоо жолуна атайын каптоонун биринчи катмары төшөлдү.
"Эл аралык стандарттарга ылайык, бул катмардын сапатын жана туруктуулугун камсыз кылуу үчүн ал кеминде бир жыл бою технологиялык тыныгуу мезгилинен өтүшү шарт. Бул кадам каптоонун узак мөөнөткө чыдамдуулугун кепилдейт", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, экинчи катмарды төшөө иштери туруктуу жылуу аба ырайында гана жүргүзүлүшү керек. Технологиялык процессти сактабоо же каптоону мөөнөтүнөн мурда пайдалануу анын бузулушуна алып келип, натыйжада бюджеттик каражаттардын натыйжасыз сарпталышына себеп болушу мүмкүн.
Эске салсак, негизги оңдоо-реконструкциялоо иштери 2024-жылы аяктап, объект расмий түрдө пайдаланууга берилген. Учурда чуркоо жолдору боюнча иштерди белгиленген талаптарга ылайык бүтүрүү гана калды.
"Технологиялык цикл толук аяктап, экинчи катмар төшөлгөндөн кийин спорттук объект эрежелерге ылайык белгиленген мөөнөттөн баштап иштей баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.