Бишкектеги Патрис Лумумба көчөсүндөгү соода күркөлөрү демонтаждалууда

Коом 691 24 Март 2026 16:20
1774331762.jpeg
1774331756.jpeg
1774331766.jpeg
1774331802_large.jpeg
Алдыга
Артка
1774331762.jpeg
1774331756.jpeg
1774331766.jpeg
1774331802_large.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Бишкектеги Патрис Лумумба жана Волков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттер менен түзүлгөн келишимдер жокко чыгарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы жеңил типтеги соода күркөлөрүн демонтаждоого киришти.

Жалпысынан бул тилкеде 12 объект аныкталган. Учурда 4 күркө демонтаждалып, калган 8 объект боюнча иштер уланууда.

Бул иш-чаралар муниципалдык аймакты бошотуу жана шаардык чөйрөдө тартип орнотууга багытталган.

Эми аталган аймакта Биринчи май райондук администрациясы тарабынан аймакты көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлөрү белгиленди.