Бишкектеги "Орто-Алыш" көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулатылды

Коом 20 октябрь 2025 11:38
1.jpg
567080886_1394564852679364_4040927695592776410_n.jpg
568349289_1394564926012690_7990302709322001558_n.jpg
568389263_1394564842679365_7180710857722525871_n.jpg
568430851_1394564896012693_8955136483798070588_n.jpg
568597461_1394564906012692_6115266239676866672_n.jpg
568604641_1394564826012700_4472847278798544542_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек электр тармактар ишканасы

Бишкек, 20.10.25 /Кабар/. "Орто-Алыш" көмөк чордонуна жаңы 40 МВА трансформатор орнотулду. Бул тууралуу Бишкек электр тармактары ишканасынан билдиришти.

Жаңы трансформатор мурдагы 25 МВА жабдууну алмаштырып, электр тармагындагы жүктөмдү азайтууга жана энергия берүү процессин жакшыртууга мүмкүндүк берет.

"Орто-Алыш" көмөк чордонунун иши аркылуу шаардагы бир катар турак жайлар, социалдык жана өнөр жай объекттери электр энергиясы менен камсыздалат. Калктын жана курулуштардын көбөйүшүнө байланыштуу кубаттуулукту жогорулатуу зарылчылыгы жаралган.