Бишкек, 03.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев оор атлетика боюнча адистештирилген балдар-өспүрүмдөрдүн спорт мектебинин жаңы имаратын текшерди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, Жукеев-Пудовкин көчөсү, 41а дарегинде жайгашкан олимпиадалык резервдеги мектептин мелдеш залы бүгүнкү күнгө чейин пайдаланууга бериле элек. Бул объект Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик министрлигинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулган.
Спорт залдын жалпы аянты 568 чарчы метрди түзөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы курулуштун бүтүү мөөнөттөрүнүн кечиктирилишине нааразычылыгын билдирди. Мэр аталган маселеге укуктук баа берүү үчүн тийиштүү материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү тапшырды.
Белгилей кетсек, объект 2025-жылдын 31-августунда расмий ачылганына карабастан, иш жүзүндө дагы деле пайдаланууга бериле элек.