Бишкектеги музыкалык мектеп-интернатта олуттуу кемчиликтер аныкталды

Коом 21 апрель 2026 11:25
5418088776073942328.jpg
5418088776073942336.jpg
5418088776073942330.jpg
5418088776073942329.jpg
5418088776073942318.jpg
5418088776073942311.jpg
5417976303765362028.jpg
5417976303765362026.jpg
Алдыга
Артка
5418088776073942328.jpg
5418088776073942336.jpg
5418088776073942330.jpg
5418088776073942329.jpg
5418088776073942318.jpg
5418088776073942311.jpg
5417976303765362028.jpg
5417976303765362026.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Акыйкатчы институту

Бишкек, 21.04.26. /Кабар/. Акыйкатчы институту М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатында балдардын окуу жана жашоо шарттарына кайрадан мониторинг жүргүздү.

Институттан билдиришкендей, текшерүү учурунда 509 бала билим алган (анын 243ү жатаканада жашайт) окуу жайда коопсуздук жана санитардык нормалар сакталбаганы аныкталды.

Атап айтканда, жатакананын терезелеринде коргоочу темир торлор орнотулган эмес. Ысык суу жок, ашкана жана дааратканаларда желдетүү системасы иштебейт. Спорт аянтчалары жок, мектептин короосунда балдар эс алуучу бир дагы отургуч коюлган эмес.

Ошондой эле психолог, социалдык педагог жана түнкү тарбиячылар жок. Мугалимдердин айлыгы аз болгондуктан, кызматкерлер бат-баттан алмашып турат.

Мектептин уставы жаңыртылган эмес жана иш кагаздарын жүргүзүү талаптарга жооп бербейт.

Натыйжада 2025-жылы Акыйкатчы тарабынан берилген сунуштар аткарылбай, көйгөйлөр ошол бойдон калууда.