Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы социалдык тармактарда борбор калаадагы мектептердин биринде террордук акт болгон деп тараган видеону четке какты.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Жарандарды сабырдуулукту сактоого, дүрбөлөңгө түшпөөгө жана маалыматтын расмий булактарына гана ишенүүгө чакырабыз", — деп баса белгиледи мекеме.