Көп кабаттуу үйдөгү өрт. Мэр жабыркагандардан кабар алды

Коом Загрузка... 17 Ноябрь 2025 15:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 17.11.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чыңгыз Айтматов проспектисинде өрт чыккан көп кабаттуу үйгө барып, анын тургундары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, шаар башчысы жабыркагандардын кайрылууларын угуп, мэрия биринчи кезектеги жардам көрсөтүү иштерин баштаганын билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өрттөн кийин имарат олуттуу жабыркап, жашоого жараксыз экени аныкталды. Мэрия учурда тургундардын турак жай маселесин чечүү боюнча бир нече варианттарды карап чыгууда. Алардын ичинде Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу жабыркагандарды жаңы турак жай менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү да бар. Бул боюнча мамлекет башчысына сунуш даярдалып жатканы маалымдалды.

Өрт болгон жерди кыдыргандан кийин калаа башчысы ооруканага жеткирилген жаракат алгандарды да барып көрдү. Алардын абалы менен таанышып, мэриянын резервдик фондунан материалдык жардам бөлүү үчүн керектүү документтер даярдалып жатканын айтты.

Учурда үйдүн жашоочулары убактылуу А. Каниметов атындагы №1 гимназия-интернатына жайгаштырылды. Ал жерде негизги шарттар түзүлүп, шаардык кызматтар зарыл болгон жардамды көрсөтүп жатышат.