Бишкектеги кафеде 12 млн сомдук киреше жашырылганы аныкталды

Коом Загрузка... 11 Февраль 2026 18:00
IMG_1092.png

Бишкек, 11.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарындагы коомдук тамактануучу жайлардын биринде ири өлчөмдөгү кирешени жашыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында борбор калаадагы кафелерге текшерүү жүргүзгөн.

Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө «Кульджа ХОГО» кафелер тармагында олуттуу мыйзам бузуулар ачыкталган. Тактап айтканда, бир менчик ээсине таандык үч мекемеде «көмүскө» эсеп жүргүзүү үчүн каттоодон өтпөгөн программалар колдонулуп келген. Бул система аркылуу сатуулардын бир бөлүгү расмий фискалдык маалыматтарга киргизилген эмес.

Мындан тышкары, төлөмдөр компаниянын эсебине эмес, жеке жактарга катталган QR-коддор аркылуу кабыл алынганы жана кассаларда фискалдык чеги жок накталай акчалар бар экени белгилүү болду.

“Алдын ала маалыматтар боюнча, ФПКга кошулган учурдан тартып эсепке алынбаган кирешенин суммасы болжол менен 12 миллион сомду түзгөн. Натыйжада, төлөнбөгөн салыктардын болжолдуу суммасы 648 миң сомду түзөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Салык кызматы эскерткендей, кош эсеп жүргүзүү жана кирешелерди жашыруу үчүн мыйзам чегинде административдик айып пулдан тартып, жазык жоопкерчилигине чейинки чаралар каралган. Учурда текшерүү иштери уланууда.