Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бишкектеги "Дордой" базарынын ички инфраструктурасын жакшыртуунун алкагында Ибраимов жана Элебесов көчөлөрүн туташтыруучу жаңы жолду, ошондой эле борбордук өтмөккө чейинки кошумча жолду салуу пландалууда. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиевдин "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.
Тараптар базардын ички инфраструктурасын өнүктүрүү жана көрктөндүрүү маселелерин талкуулап, жаңы жол байланышы кыймылды жеңилдетип, ишкерлер менен сатып алуучулар үчүн логистиканы жакшыртарын белгилешти.
Курулуш жумуштары 1-апрелден тарта башталат.
Бул долбоорду ишке ашыруу базардын аймагында жүрүүнү жеңилдетип, соода жүргүзүү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөрү күтүлүүдө.