Бишкектеги Чыгыш автобекетинин аймагы мэрияга кайтарылды

Коом Загрузка... 13 Март 2026 17:48
651879998_1400203668822150_3011995987718253101_n (1).jpg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Бишкектеги Чыгыш автобекетинин аймагы муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, автобекеттеги жер тилкесин “Айдоочулар союзу” ЖЧКсы пайдаланып жүргөн жана шаардык бюджетке ижара акысы төлөнбөстөн колдонулуп келген.

Учурда мэрия бул жерди кайрадан муниципалдык менчикке өткөрүп алды. Эми “Айдоочулар союз” ЖЧКсы объектти үч күндүн ичинде демонтаждайт.

Бүгүнкү күндө аймактагы унаалар чыгарылып, тосмолор алынууда.

"Мындан ары аталган аймак реконструкцияланып, автобекет толугу менен таксилерге, ошондой эле Кемин, Кант жана Токмок шаарлары багытына каттаган кичи автобустарга ылайыкталат. Аймак толугу менен асфальтталып, жарыктандыруу орнотулат",-деп айтылат маалыматта.