Бишкек, 08.04.26. /Кабар/. Жер мыйзамдарынын бузууларын аныктоонун алкагында 3,6 млрд сомдук зыян мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөөдө прокуратура органдары тарабынан мыйзам бузууларды аныктоо жана жоюу боюнча иштер жүргүзүлдү.
Жалпысынан 3 277 мыйзам бузуу аныкталып, 103 кылмыш иши козголгон.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында келтирилген зыяндын орду толтурулуп, мыйзамсыз пайдаланууга берилген жер тилкелери мамлекеттин карамагына кайтарылган.
Мыйзам бузууларга жол берген 143 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган. 13 кызматкерге айып пул салынган.