Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Жеке бала бакча же мектеп кура тургандарга мамлекет тарабынан жерлер акысыз берилип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Араван районунда эл менен жолугушууда билдирди.
Президент белгилегендей, жыл сайын өлкө боюнча төрөлгөн, мектепке, бала бакчага барган балдар көбөйүп жаткандыктан, мамлекет имараттарды куруп жетишпей жатат.
“Кимде-ким жеке бала бакча же мектеп курам десе, биз жерлерди бекер берип жатабыз. Райондордун борборлоруна, кичи шаарларга, облустардын борборлоруна жана Бишкек, Ош шаарларында 1-2 гектарга чейин жер берилүүдө. Мектеп менен бала бакчанын көлөмүнө жараша жер берилет. Анткени, биз мектептерди салып кубалап жете албай жатабыз да. Жылда төрөлгөн, мектепке, бала бакчага барган балдарыбыз көбөйүүдө. Жылына мамлекет 20-30, 50-60 мектептен салышыбыз керек болуп жатат. Ошондуктан жеке жактарды дагы жардамга чакырабыз. Жеке менчик бала бакча, мектеп куруп ач деп жерди бекер беребиз”, - деди өлкө башчысы.