Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын №12, №66 жана №21 мектептерде жаңы воркаут аянтчалар ачылды.
Уюштуруучулар маалымдашкандай, аянтчага шаардагы бардык мектептердин окуучулары жана алардын ата-энелери “Сенин эко зарядың” экологиялык акциясына катышуу аркылуу жетишти. Акциянын алкагында алар үч тоннадан ашык колдонулган батарея чогултушкан.
Демөөрчү болгон компаниянын тең-негиздөөчүсү Рафгат Хантимеров мындай долбоорлорду колдоо абдан маанилүү экенин айтат.
“Уюштуруучулар биз менен байланышканда, биз дароо эле сунушту кабыл алдык. Бул биримдик менен тийиштүү натыйжага жетүү мүмкүндүгүн даңазалады. Биз үчүн ушундай долбоорлорду жана жаштарды колдоо абдан маанилүү. Бүгүнкү күндө өспүрүмдөрдү туура эмес жакка түрткөн азгырыктар көп. Ал эми спорт коомду бириктирип, аларга күч-кубат берип, дени сак жашоого үйрөтөт. Биз балдардын ден соолукту чыңдоо менен убакытты өткөрө турган жери болушун каалайбыз”, - деди демөөрчү.
Ошондой эле ал балдар үчүн коопсуз жана пайдалуу аянтчаны түзүү - шаардын келечегине салым кошуу дегенди билдире тургандыгына ишенип, долбоорду колдошконун белгиледи.