Бишкектеги бир катар мектептерде бомба бар деген маалымат текшерилүүдө

Коом Загрузка... 15 Декабрь 2025 12:55
756071674192876_big.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек ШИИББ

Бишкек, 15.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 11:08де Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматынын Telegram мессенжерине шаардагы бир нече билим берүү мекемелеринде болжолдуу теракт даярдалып жатканы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Көрсөтүлгөн мектептердин арасында — № 24, 44, 15, 10, ошондой эле Kings International School жеке менчик мектеби бар.

Милициянын маалыматына караганда, аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүүлөр башталды.

Мектептерге раойндук ички иштер башкармалыктарынын ыкчам-тергөө тобу барышып, мектептен мугалимдер жана окуучуларды эвакуациялашып, мектептин аймагы курчоого алынды. Учурда кинологдор иштеп жатат.

Кошумча маалымат берилет.