Бишкекте бала бакчада мыйзамсыз акча чогултулган. Иш милицияга жөнөтүлдү

Коом 3 март 2026 11:44
1772461522.jpeg
1772461525.jpeg
1772461528.jpeg
1772461531.jpeg
1772461540.jpeg
Алдыга
Артка
1772461522.jpeg
1772461525.jpeg
1772461528.jpeg
1772461531.jpeg
1772461540.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын катышуусунда №68 мектепке чейинки билим берүү уюмуна пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Текшерүүнүн жүрүшүндө олуттуу каржылык тартип бузуулар ачыкталды. Айрым тарбиячылар балдардын тамак-ашы үчүн төлөмдөрдү өздөрүнүн жеке электрондук капчыктарына кабыл алып, белгиленген өлчөмдөн ашыкча каражат чогултуп келишкен.

Мындан тышкары, бала бакчанын жетекчилиги жана чарба бөлүмүнүн башчысы бул мыйзамсыз аракеттерди билип туруп, эч кандай чара көрүшкөн эмес. Муну менен мекемеде кызмат адамдарынын катышуусунда акча чогултуунун туруктуу схемасы түзүлгөнү аныкталды.

Аталган фактылар мыйзам бузуу катары бааланып, кызматтык милдеттердин аткарылбаганын көрсөтөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы бардык материалдар укук коргоо органдарына укуктук баа берүү жана мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.