Бишкектеги автобус кырсыктарынын көбүнө башка айдоочулар күнөөлүү

Коом Загрузка... 22 Январь 2026 15:00
638216.0b419558c810.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 22.01.26 /Кабар/. «Бишкек шаардык транспорту» муниципалдык ишканасынын айдоочуларынын саны жана автопарктардын иши тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде №2 автопарктын башкы инженери Артур Өмүрзаков айтып берди.

Анын айтымында, борбор калаада шаар боюнча бөлүштүрүлгөн беш автопарк иштейт, ал эми айдоочулардын жалпы саны 2 660 адамды түзөт. Ал жолдордо ар кандай кырдаалдар болорун белгилеп, ак ниет жана тартипсиз айдоочулар да бар экенин кошумчалады.

«Жетекчилик жана ишкана тарабынан 2025-жылы Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын катышуусу менен 18ден ашык жалпы чогулуш өткөрүлдү. Мындай жыйындардын бирине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы да катышып, жол кыймылынын эрежелерин сактоо маселеси талкууланды», - деди Өмүрзаков.

Ошондой эле ал автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары көбүнчө ишкананын айдоочуларынын күнөөсүнөн болбосун белгиледи.

«Биз талдоо жүргүздүк, автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын болжол менен 70%ы жол кыймылынын башка катышуучуларынын, негизинен жеңил унаалардын айдоочуларынын күнөөсү менен болот», — деп тактады ал.

Мындан тышкары, Артур Өмүрзаков айдоочулардын ишине жана техниканын абалына туруктуу анализ жүргүзүлүп турарын, ошондой эле Бишкек шаардык МККБ менен биргеликте автопарктардын ишин жана автобустардын техникалык абалын текшерүүлөр байма-бай өткөрүлүп жатканын баса белгиледи.