Бишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү

Коом 398 10 Март 2026 13:47
1.jpg
1773126888.jpg
1773126892.jpg
1773126897.jpg
1773126901.jpg
1773126910.jpg
1773126913.jpg
1773126917.jpg
1773126920.jpg
1773126930.jpg
1773126937.jpg
1773126963_large.jpeg
Алдыга
Артка
1.jpg
1773126888.jpg
1773126892.jpg
1773126897.jpg
1773126901.jpg
1773126910.jpg
1773126913.jpg
1773126917.jpg
1773126920.jpg
1773126930.jpg
1773126937.jpg
1773126963_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен бирге реконструкциядан өткөн №39 орто жалпы билим берүү мектебине барышты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алар класстардын, спорт залдын жана футбол талаасынын абалын карап чыгышты.

Мектептин аймагында ижарага берилген бөлмө да аныкталган. Мэр тиешелүү кызматтарга анын мыйзамдуулугун текшерип, мындай ишмердүүлүктү токтотууну тапшырды.

Реконструкциянын алкагында имаратка капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, мектеп аймагы көрктөндүрүлүп, футбол талаасы курулуп, жашылдандыруу иштери аткарылган.

2025-2026-окуу жылында мектепте 55 класста 1 648 окуучу билим алууда.