Бишкек, 20.05.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын 5-кичи районунда жайгашкан №3 орто мектептин кошумча окуу корпусунун курулушу уланууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы окуу корпусу 500 окуучуга ылайыкталган. Имарат жер төлөсү менен бирге үч кабаттан турган Т-түрүндөгү формада курулууда. Долбоор окуучулар үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле мектептин учурдагы имаратына түшкөн жүктөмдү азайтууга багытталган.
Жаңы корпуста окуу класстары, спорт залы, жыйындар залы, ашкана, дарыгердин кабинети, директордун жана окуу бөлүмүнүн башчыларынын кабинеттери, мугалимдер бөлмөсү, музыка жана ырдоо бөлмөсү, жуунуу бөлмөсү жана санитардык түйүндөр каралган.
Имараттын жер төлөсүндө техникалык жайлар, анын ичинде жылуулук түйүнү, насостук станция, желдетүү тутуму, электр бөлүштүрүүчү бөлмө жана кампалар жайгаштырылат.
Мындан тышкары, долбоордун алкагында мектептин аймагын комплекстүү көрктөндүрүү каралган. Бул жерде кичи футбол аянтчасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары, воркаут зонасы, 100 метрлик чуркоо тилкеси түзүлүп, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө объектте фасаддык жана ички жасалгалоо иштери кызуу жүрүп жатат, желдетүү системасы орнотулууда, ошондой эле мектептин айланасын көрктөндүрүү иштери аткарылууда.