Бишкек, 20.02.26. /Кабар/. 22-февралда Бишкектеги №29 мектепке залкар татар акыны, Советтер Союзунун баатыры Муса Жалилдин ысымын ыйгарылат. Бул тууралуу Бишкектеги "Орус үйүнөн" билдиришти.
Ат ыйгаруу иш-чарага Татарстандын вице-премьер-министри Василь Шайхразиев баштаган россиялык делегация катышат.
Уюштуруучулардын айтымында, бул демилге тарыхый эс тутумду сактоого жана Кыргызстан менен Россиянын маданий байланыштарын бекемдөөгө багытталган.
Маалымат үчүн: Муса Жалил — советтик акын жана коомдук ишмер. Согуш учурунда туткунга түшүп, антифашисттик ишмердүүлүгү үчүн 1944-жылы өлүм жазасына тартылган. Анын түрмөдө жазган "Моабит дептери" ырлар жыйнагы эрдиктин символу болуп калган. Быйыл акындын туулган күнүнүн 120 жылдыгы белгиленүүдө.