Бишкекте жыл соңунда +13 градуска чейин жылуу болушу күтүлүүдө

Коом Загрузка... 26 Декабрь 2025 11:20
22.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 26.12.25. /Кабар/. Бишкекте декабрь айы үчүн адаттан тыш жылуу аба ырайы күтүлүүдө.

26-декабрда

Бүгүн күндүз Бишкекте жаан жана кар аралаш жамгыр жаашы күтүлөт. Абанын температурасы +3...+5°С жылуу болот.

27-декабрда

Ишембиде түндө -3…-5°С суук, күндүз — ала булут каптап турат, абанын табы +1…+3°С болот.

28-декабрда

Жекшембиде түндө 0…-2°С чейин суук, күндүз абанын табы +8…+10° градуска чейин жылыйт.

29-декабрда

Дүйшөмбүдө дагы кун ачык болот. Түндө — -1…+1°С, күндүз — +9…+11градуска чейин жылуу болот.

30-декабрда

Шейшемби кунү түндө +1…+3, күндүз +11…+13 градуска чейин жылуу болуп, бул жаңы жыл алдындагы эң жылуу күн болмокчу.

31-декабрда

Жылдын акыркы күнү түнүндө -1…+1 градус, күндүз күн ачык болуп +9…+11 градуска чейин жылыйт.

2026-жылдын 1-январында

Жаңы жылдын биринчи күнү түнүндө -1…+1 градус, күндүз +7…+9 градус жылуу болот.

Жалпысынан борбор калаада декабрдын аягы жана январдын башы жылуу аба ырайы менен коштолот.