Бишкек, 29.12.25. /Кабар/. Бишкекте 12 айдын ичинде 1 917 трансформатор оңдолду. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Мындан тышкары, быйыл Бишкек шаарында жаңы 110/10 кВ «Мурас» жогорку чыңалуудагы көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди. Бул көмөк чорон төмөнкү заманбап жабдуулар менен жабдылган:
- кубаттуулугу 40 000 кВА болгон трансформатор;
- 110 кВ элегаз өчүргүчтөр;
- 110 кВ ажыраткычтар;
- 10 кВ тышкы орнотуудагы комплекттүү бөлүштүрүү түзүлүшү (КРУН).
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча төмөнкү капиталдык оңдоо иштери аткарылды:
- 220–110/35 кВ чыңалуудагы 6 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 336 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
- 220–110/35 кВ чыңалуудагы 26,7 км электр аба чубалгылары (ЭАЧ);
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 148 км электр аба чубалгылары.
Ошондой эле төмөнкү кезектеги оңдоо иштери жүргүзүлдү:
- 220–110/35 кВ чыңалуудагы 47 көмөк чордондун жабдуулары;
- 6–10/0,4 кВ чыңалуудагы 1 917 трансформатордук көмөк чордондор (ТП);
- 220–110/35 кВ чыңалуудагы 560 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 2 175 км электр аба чубалгылары;
- 10–0,4 кВ чыңалуудагы 891 км кабелдик аба чубалгылары.
Реконструкциялоо жана капиталдык курулуш планынын алкагында 12 ай ичинде:
- 2 850 «акылдуу» эсептегич орнотулду;
- 87 км электр аба чубалгылары СИП-2 зымдарына алмаштырылды;
- 31 км кабелдик чубалгылар заманбап жаңы кабелдерге алмаштырылды;
- 32 км электр аба чубалгылары СИП-3 зымдары менен тартылды;
- 6 км жаңы кабелдик чубалгылар курулду;
- 33 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылды.