Бишкекте жумуртканын баасы төмөндөдү

Экономика Загрузка... 17 Март 2026 17:45
651364647_122188640.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Бишкек, 17.03.26. /Кабар/. Бишкекте жумуртканын баасы төмөндөдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, рынокту туруктуу кармоого багытталган чаралар натыйжа берип, абал көзөмөлдө турат. Жумуртканын баасы базарларда жана соода түйүндөрүндө арзандады. Учурда 10 даана жумуртканын орточо баасы 110–160 сомду түзүүдө. Ал эми супермаркеттерде баа 110–150 сомдун аралыгында өзгөрүүдө.

“Рынокту туруктуу кармоо иш-чараларынын алкагында соода түйүндөрүнүн жана тоок фабрикаларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Аталган тараптар жумуртканын баасы негизсиз кымбаттап кетпеши керектиги боюнча макулдашты. Орточо эсеп менен баанын төмөндөшү 1–3 сомду түздү”, — деп айтылат маалыматта.