Бишкекте жол кырсыктары 40 пайызга азайды – себептери

Коом Загрузка... 30 Июнь 2026 16:05
d2da68bee0978f.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 30.06.26. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1800дөн ашык жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 40 пайызга, ал эми жабыркагандардын саны 43 пайызга кыскарган. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын юристи Байказы Айтикул уулу "Кабар" агенттигинин "Элден собол" берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, кырсыктардын азайышынын эң жогорку динамикасы борбор калаада байкалууда. Бишкекте жол кырсыктарынын саны 66 пайызга, ал эми жаракат алгандардын саны 68 пайызга азайган.

"Мындай жыйынтыктар – биздин кызматкерлердин күнү-түнү иштегенинин жана жетекчилик тарабынан коюлган тапшырмалардын алкагында алдын алуу иштеринин күчөтүлүшүнүн үзүрү. Кырсыктардын алдын алууда атайын техникаларды, ошондой эле видеобайкоо жана көзөмөлдөө тутумдарын колдонуу чоң жардам көрсөтүүдө. Бирок эң башкысы, бүгүнкү күндө айдоочуларда жоопкерчиликти так түшүнүү калыптанды. Бул факторлордун бардыгы комплекстүү түрдө жолдордогу кырсыктарды натыйжалуу азайтууга мүмкүндүк берүүдө", – деп баса белгиледи өкүл.