Бишкекте жерге мунапыс берүү иштери уланууда

Коом 20 октябрь 2025 22:21
IMG-20251020-WA0162.jpg
IMG-20251020-WA0164.jpg
IMG-20251020-WA0163.jpg
IMG-20251020-WA0161.jpg
Алдыга
Артка
IMG-20251020-WA0162.jpg
IMG-20251020-WA0164.jpg
IMG-20251020-WA0163.jpg
IMG-20251020-WA0161.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Бишкекте жерге мунапыс берүүнүн алкагында жер тилкелерин мыйзамдаштыруу иштери активдүү жүрүүдө.

Мэриядан маалымдашкандай, бүгүнкү күндө Свердлов районунда 83 жолу комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Келип түшкөн арыздардын саны 5 671 болсо, 2083 токтом чыгарылган.

Октябрь районунда жер мунапысы башталгандан бери 210 жашоочуга жер тилкесин бекитип берүү боюнча чечим кабыл алынган. Келип түшкөн арыздардын саны 8 074, 42 жолу комиссиянын отуруму өткөрүлдү.

Кошумчалай кетсек, учурда жер мунапысына туш келген объекттер боюнча маалыматтарды текшерүү жана комиссиянын кароосуна даярдоо үчүн тактоо иштери уланууда.

Маалымат үчүн: Жерге мунапыс жарандарга жеке турак жай куруу үчүн берилген жер тилкелерин мыйзамдаштырууга багытталган жана тиешелүү документтерди белгиленген тартипте жол-жоболоштурууга мүмкүнчүлүк берет.