Бишкекте Жаңы жыл алдында масштабдуу рейддер башталды

Коом Загрузка... 29 Декабрь 2025 12:32
copyright icon Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы

Бишкек, 29.12.25 /Кабар/. Жаңы жыл алдында Бишкекте кеңири масштабдуу профилактикалык рейддер башталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Рейддер жаңы жылдык майрамдардын алдында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алууга багытталган.

Мекеменин маалыматына караганда, иш-чаралардын алкагында инспекторлор ылдамдык режимин көзөмөлдөөнү күчөтүп, жол эрежелеринин сакталышын текшерип жатышат, ошондой эле унааны мас абалында башкаруу фактыларын аныкташууда.

Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдордо эрежелерге көңүл бурууга, ылдамдыкты ашырбоого, ичимдик ичкен абалда рулга отурбоого жана жол белгилеринин талаптарын сактоого чакырат. Жол кыймылынын ар бир катышуучусунун коопсуздугу айдоочулардын тартибинен жана жоопкерчилигинен түздөн-түз көз каранды экенин мекеме өзгөчө белгилейт.