Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. Бишкекте үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана айлана-чөйрөнү коргоону айкалыштырган "Жаңы үйлөнгөндөргө бак-дарак отургузуу" аттуу экологиялык-социалдык долбоор ишке кирди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
GREEN AIR компаниясы менен биргеликте уюштурулуп жаткан долбоордун алкагында, жаңы үйлөнгөн түгөйлөр өздөрүнүн сүйүүсүнүн символу катары шаардагы сейил бактарга жана скверлерге бак отургуза алышат. Алгачкы билдирүү калтырган 5 түгөйгө көчөттөр белекке берилет.
Билдирмени бак отургузула турган күнгө чейин кеминде эки жума калганда мэриянын расмий сайты же 0880 005123 телефону аркылуу калтыруу зарыл. Төлөмдөр QR-код аркылуу жүргүзүлөт:
- 15 500 сом — 10-апрелден 25-октябрга чейин (жабык тамырлуу көчөттөр);
- 7 800 сом — жазда (10-март – 10-апрель) жана күзүндө (26-октябрь – 25-ноябрь) ачык тамырлуу көчөттөр үчүн.
"Долбоордун алкагында клен, ак кайың, липа, катальпа жана каштан сыяктуу дарактардын түрлөрү сунушталат. Көчөттөрдү ишкананын питомнигинен алса болот же талаптарга ылайык өз алдынча сатып алууга уруксат берилет. Отургузулган дарактар кийин атайын сугат системасы бар аймактарда муниципалдык кызматтар тарабынан акысыз багылып, тейленет. Ошондой эле бул кызматты жаштарга белек кылуу үчүн атайын сертификаттар сатыкка чыкты",-деп айтылат маалыматта.