Бишкекте жаңы Geely Group электр автобустары көрсөтүлдү

Коом 886 25 Апрель 2026 18:13
1777114318.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
678519656_1437558115086705_5051073388776653025_n.jpg
678550130_1437558275086689_3495540120442413770_n.jpg
678932148_1437558178420032_8338800632056063542_n.jpg
679944352_1437558195086697_1157426347485386538_n.jpg
680451511_1437558111753372_4206595942019181361_n.jpg
681364766_1437558201753363_2645894784974589110_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 25.04.26. /Кабар/. Бишкекте мэр Айбек Жунушалиевге кытайлык Geely Group компаниясынын заманбап электр автобустарынын презентациясы сунушталды.

Муниципалитеттен бтлдиришкендей, көрсөтүлгөн модель узундугу 8,5 метрден бир аз ашкан, шаар ичинде колдонууга ыңгайлуу чакан электробус. Бул өлчөм ага шаардын көчөлөрүндө оңой жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Автобус 100-200 кВт кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы жана 170 кВт/саат көлөмүндөгү батарея менен жабдылган. Бул анын кеминде 250 км жүрүүсүн камсыздайт. Дисктүү тормоз системасы жүргүнчүлөр үчүн коопсуздукту жана ыңгайлуулукту жогорулатат.

Geely 88ден ашык өлкөдө иштейт жана 700дөн ашык тейлөө борборуна ээ.

Сунуштан кийин тиешелүү кызматтарга көрсөтүлгөн транспортту жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кылдат изилдөө тапшырылды. Акыркы чечимдер транспорттун натыйжалуулугун комплекстүү талдоо жана баалоодон кийин кабыл алынат.