Бишкекте жаңы автобус каттамы ишке кирди

Коом Загрузка... 15 Ноябрь 2025 16:40
1.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 15.11.25. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрдан тартып борбор калаада №66 жаңы  электробус каттамы ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Эми Көлмө конушунан 8-кичирайонго чейин ыңгайлуу, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза электробустар каттай баштайт.

Маршруттун багыты: Көлмө конушу — Мидин көчөсү — М.Ганди көчөсү - Жаш Гвардия бульвары — Чүй проспектиси - Бейшеналиева көчөсү -  Киев көчөсү — Байтик Баатыр проспектиси — Токомбаев проспектиси  ал эми акыркы аялдама 8-кичирайон.

Электробустар заманбап жабдуулар менен камсыздалып, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана USB кубаттагычтар менен жабдылган.