Бишкекте "Жасмин" кафеси көчүрүлүп, анын орду көрктөндүрүлөт

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 16:03
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүнкү көчмө жыйынынын алкагында Жылуулук электр борборунун техникалык каналын бойлой мыйзамсыз курулган объекттерди демонтаждоо иштери жүрүп жаткан тилкеге барды.

Мэриядан билдиришкендей, текшерүү учурунда аталган аймакта жайгашкан "Жасмин" кафесине да өзгөчө көңүл бурулду. Андагы аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу "Жасмин" кафесин жаңы жер тилкесине көчүрүү чечими кабыл алынды. Ишкерге өз ишмердүүлүгүн белгиленген тартипте улантуу үчүн альтернативалык жер сунушталат.

Белгиленгендей, ЖЭБдин техникалык каналынын боюндагы демонтаждоо иштери аяктагандан кийин бул аймакты комплекстүү көрктөндүрүү пландалууда.