Бишкекте "Жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда

Коом 23 февраль 2026 16:50
Бишкекте "Жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда

Бишкек, 23.02.26. /Кабар/. Бишкек шаарында "Жашыл такси" долбоорун ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бул демилге Улуттук инвестициялык фонд менен биргеликте иштелип чыгууда.

Учурда тараптар долбоорду ишке ашыруунун механизмдерин жана анын артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап жатышат.