Бишкекте "Жаштар жумалыгы" башталды

Коом Загрузка... 12 Май 2026 17:55
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда "Тунгуч" театрында "Жаштар жумалыгынын" салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Жаштар жумалыгы" 15-майга чейин өтөт. Бул аянтчага 100дөн ашык катышуучу, мектеп окуучулары жана студенттер чогулду. Иш-чарага Бишкек шаарындагы 40 мектептин окуучулары жана 15 жогорку окуу жайдын студенттери катышууда.

Ачылыш аземинде Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жаштардын коомдук турмушка активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, жаш муун коомдун кыймылдаткыч күчү жана өсүп келе жаткан муун үчүн үлгү экенин айтты.

"Жаштар жумалыгынын" программасына жаштарды өнүктүрүүгө, улуттук баалуулуктарды бекемдөөгө жана жаштарды коомдук турмушка тартууга багытталган билим берүүчү, маданий жана патриоттук иш-чаралар кирет.

Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, эң активдүү жаштарга баалуу жана эстелик белектер ыйгарылат.

Бул ири масштабдагы иш-чара Бишкек шаарында алгачкы жолу өткөрүлүүдө. Мындан ары "Жаштар жумалыгын" жыл сайын өткөрүү жана катышуучулардын санын көбөйтүү пландалууда.