Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Бүгүн УКМКнын академиясында "Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда жасалма интеллекттин жана маалыматтык технологиялардын ролу" аттуу темада актуалдуу маселе боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Атайын кызматтан билдиришкендей, тегерек столдун максаты санариптик технологиялардын өнүгүшүнөн келип чыккан коркунучтарды талдоо улуттук маалымат коопсуздугун жакшыртуу үчүн жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болгон.
Анда жасалма интеллекттин учурдагы тенденциялары жана анын санариптик коопсуздукка тийгизген таасири, чоң маалыматтарды жана интеллектуалдык алгоритмдерди колдонуудагы тобокелдиктер жана укук коргоо органдарында ЖИни колдонуу жана киберкоргонуу боюнча квалификациялуу кадрларды даярдоо зарылдыгы талкууланды.
Катышуучулар ЖИ технологияларын маалыматтык коопсуздукка киргизүү коркунучтарды алдын ала айтууга, автоматташтырылган мониторинг жүргүзүүгө жана кибер окуяларга жооп кайтарууну жакшыртууга жардам берерин белгилешти. Ошол эле учурда, мыйзамдык жоболорду жана этикалык стандарттарды сактоо зарылдыгы айтылды.
Жыйынтыгында ЖИ жаатындагы илимий изилдөөлөрдү, практикага багытталган окутууну күчөтүү жана мекемелер аралык кызматташтыкты кеңейтүү сунушталды.
Тегерек столго мамлекеттик органдардын, илимий-изилдөө жана билим берүү мекемелеринин, атап айтканда Улуттук илимдер академиясы, КУУ, КМТУ, ИИМ, Куралдуу күчтөрдүн Аскер институту жана башка ведомстволордун өкүлдөрү катышты.