Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Бүгүн К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде "Карьера күнү" жана бош жумуш орундар жарманкеси уюштурулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Иш-чарага мамлекеттик жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышып, өндүрүш, тейлөө, каржы жана транспорт тармактары боюнча 5 миңден ашык бош орун сунушташты.
Катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз маектешип, акысыз кесиптик курстар, жаштар стажировкасы жана социалдык контракт программалары боюнча маалымат алышты.
Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов белгилегендей, мындай жарманкелер кайтып келген мигранттарды жана жаш адистерди жумуш менен камсыз кылуу максатында аймактарда да үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 3,7 пайызды түзөт (104,7 миң адам).