Бишкекте жаран 3 батирин сатып, акчасын кибералдамчыларга которгон

Коом Загрузка... 24 Июнь 2026 09:55
WhatsApp Image 2026-06-23 at 16.24.13 (2).jpeg
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 24.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда кибералдамчылыктан ири зыян келтирген учур өткөн жылы катталып, жаран Бишкектеги 3 батирин сатып, каражатын алдамчыларга которуп жиберген. Бул тууралуу ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам өкүлү Чолпон Назаркулова “Элден собол” берүүсүндө билдирди.

Анын айтымында, кибералдамчылар адамдарды дароо кыска убакытта эмес, узак убакыт бою ишенимине кирип алдашат.

“Айрым учурларда алар бир жума, ал тургай бир ай бою телефон чалып, өздөрү тууралуу эч кимге айтпоону талап кылышат. Өкүнүчтүүсү, адамдар жакындарына да ишенбей, бул тууралуу айтпай жүрө беришет. Натыйжада мүлкүн сатып, ал тургай насыя алып, акчаларын алдамчыларга которуп жиберген учурлар бар”, - деди ал.

Назаркулова белгилегендей, Россиядагы изилдөөлөргө ылайык, алдамчылар 100 адамга телефон чалса, алардын бирөө гана алданат.

“99 адам мындай аракеттерге ишенбейт жана алданбайт. Бирок, бир эле адам алданса да, ал чоң суммадагы зыянга учурашы мүмкүн”, - деп кошумчалады ал.