Жакынкы 3 саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Коом 26 февраль 2026 08:40
Жакынкы 3 саатта Бишкек жана Чүйдө катуу шамал күтүлөт

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 26.02.26 /Кабар/. Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө үч сааттын аралагында катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынын маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, аталган аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.