Бишкек, 13.02.26. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 13-февралда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде жаан, кар жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы Чүй облусунда +3…+8, Талас, Ысык-Көл облустарында +2…+7, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +9…+14, Нарын облусунда -3…+2 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +12…+14 градусту көрсөтөт.