Бишкекте жөө адамдар үчүн жер астында 20дан ашык өтмөк курулат – мэр

Коом Загрузка... 20 Январь 2026 16:45
Aybek_Dzhunu.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.01.26. /Кабар/. Бишкекте жөө адамдар үчүн жер астында 20дан ашык өтмөк курулат. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев “Кабар подкастта” билдирди.

Анын айтымында, Чыңгыз Айтматов проспектисинде алгач жөө жүргүнчүлөр үчүн үч өтмөк каралган. Бирок сын-пикирлерден кийин бул идеядан баш тарттылган.

"Жашоочулар жер үстүндөгү чоң түзүлүштөр тоолордун көрүнүшүн бузуп коет деп тынчсызданышты. Биз шаарды ар кандай тоскоолдуктардан арылтуу боюнча иштерди алып баруудабыз. Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги бийик өтмөктүн курулушу тоонун көрүнүшүнө зыян келтирет эле. Ошондуктан коомчулуктун талабын эске алып, бул жерге жер астындагы өтмөк куруу чечимин кабыл алдык», – деди мэр.

Айбек Жунушалиев белгилегендей, Советтер союзу тарагандан бери өлкөдө бир дагы жер астындагы өтмөк салынган эмес.

Мэрия курулуш иштерин баштоодон мурун бир нече варианттарды салыштырган соң заманбап блоктук ыкманы тандады. Бул ыкма боюнча курулушта конструкциялар алдын ала жасалган блоктордон бириктирилип жасалат, ошондо убакыт үнөмдөлүп, сапаттуу болот. Учурда алгачкы төрт өтмөк 32-34 миллион сомго чейин болгон чыгым менен курулду. Блоктук конструкциялар даяр блоктордон бириктирилип орнотулат. Учурда жөө өтмөктүн бири ийгиликтүү курулуп бүттү, калгандарынын курулуш иштери уланууда.