Бишкекте өзгөчө ыкма менен жаңы мектеп курулууда

Коом 16 апрель 2026 15:50
674152941_1463069571958754_5349973187395268843_n.jpg
672181477_1463069691958742_1620037501863055734_n.jpg
672491311_1463069611958750_2869899117020283947_n.jpg
672672346_1463069581958753_7002378112002285894_n.jpg
672394645_1463069711958740_3709170364198594226_n.jpg
672674195_1463069601958751_2006389927542858966_n.jpg
672224426_1463069545292090_7320623369329661790_n.jpg
672679002_1463069551958756_8267736318627445105_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 16.04.26 /Кабар/. Бишкектеги №46 мектепке 450 орундуу кошумча корпустун курулушу кызуу уланууда.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күндө имараттын А блогуна 52 свай орнотулуп, гидроизоляция иштери аткарылууда.

Долбоор мамлекеттик бюджеттен каржыланып, мектеп заманбап үлгүдө салынат. Башкы план боюнча имараттын аянты 4703 чарчы метрди түзүп, 4 блоктуу 3 кабаттан турат. Мектепте заманбап негизги окуу класстар, лаборатория, китепкана, эмгек кабинеттер, жыйындар залы, ашкана жана бардык шарттары менен спорт залы каралат.

Курулуш-монтаждоо иштеринин ар бир этабы текшерилип, Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Белгилей кетсек, свайлык ыкма менен Кыргызстанда биринчи жолу мектеп курулууда. Бул ыкма жер кыртышында суунун көлөмү өтө жогору болгон учурда колдонулуп, имараттын туруктуулугун жана сапатын камсыздайт.