Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды

Экономика
Бишкекте Хорватиянын консулдугу ачылды
copyright icon Экономика министрлиги

Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бишкекте Хорватиянын консулдугунун салтанаттуу ачылышы өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирет.

Хорватиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу болуп Абдирахим Бабаев дайындалды.

Консулдуктун негизги багыттары — эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, инвестиция тартуу жана ишкерлердин кызматташтыгын өнүктүрүү.

Буга чейин экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов Хорватиянын элчиси Рефик Шабанович менен соода, инвестиция жана кош салык салууну болтурбоо маселелерин талкуулаган.

Белгилей кетсек, иш-чарага Экономика жана коммерция министрлигинин жана ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү катышты.