Бишкекте "Велосипед - Скутер" рейди жүрүүдө

Коом Загрузка... 23 Октябрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык милициясы

Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. 20-октябрдан 24-октябрга чейин Бишкек шаарында “Велосипед – скутер” аттуу профилактикалык түшүндүрүү иш-чарасы өтүүдө.

Шаардык милициядан билдиришкендей, акциянын алкагында милиция кызматкерлери базарларда, соода борборлорунда жана атайын дүкөндөрдө скутер жана велосипед саткан соода түйүндөрүн текшерүүдө.

Рейддин негизги максаты - автоунааларды уурдоо жана мыйзамсыз сатууга байланышкан кылмыштардын алдын алуу жана ачуу. Милиция кызматкерлери сатуучу товарлардын келип чыгышын текшерүү зарылдыгын эскертип, сатуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Сатуучуларга кылмыш жолу менен алынганы белгилүү болгон мүлккө ээ болуу же сатуу КР Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесине ылайык кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаары эскертилүүдө.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы шаар тургундарын жана конокторун скутер жана велосипед сатып алууда этият болууга чакырат. Сатып алуудан мурун менчик укугун тастыктаган документтерди текшерүү керек.

Товардын келип чыгышынан күмөн санасаңыз, 102 телефону аркылуу дароо ички иштер органдарына кайрылуу керек.

Маалымат үчүн: Кылмыш-жаза кодексинин 217-беренесинде кылмыш жолу менен атайылап алынган мүлктү сатып алуу же сатуу үчүн жоопкерчилик каралган - жасалган жосундун оордугуна жараша айып пул же эркинен ажыратуу түрүндө.