Бишкекте вакциналарды сактоочу кампанын курулушу башталды

Коом 602 27 Июнь 2026 12:00
733271431_1033755159051852_8144479753440384020_n.jpg
731824088_1033755162385185_8552044811090553256_n.jpg
731916616_1033755149051853_811706810676694368_n.jpg
732068613_1033755155718519_860560841395841515_n.jpg
732197033_1033755152385186_915364342108152980_n.jpg
Алдыга
Артка
733271431_1033755159051852_8144479753440384020_n.jpg
731824088_1033755162385185_8552044811090553256_n.jpg
731916616_1033755149051853_811706810676694368_n.jpg
732068613_1033755155718519_860560841395841515_n.jpg
732197033_1033755152385186_915364342108152980_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Бишкек шаарында вакциналарды сактоочу жаңы шаардык кампанын курулушу башталды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, долбоор эмдөө системасын мындан ары чыңдоого жана иммунобиологиялык препараттарды ишенимдүү сактоону камсыз кылууга багытталган.

"Курулуш иштерин 2026-жылдын июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Долбоордун жалпы баасы 107 миң доллардан ашат. Каржылоо Вакциналар жана иммундаштыруу боюнча глобалдык альянстын (Gavi) каражаттарынын эсебинен, ЮНИСЕФтин техникалык колдоосу менен ишке ашырылууда", - деп айтылат маалыматта.

Жаңы кампа вакциналарды сактоо боюнча эл аралык талаптарга толук жооп берет. Ал заманбап муздаткыч жана тоңдургуч жабдуулар, температура менен нымдуулукту сутка бою автоматтык түрдө көзөмөлдөө системасы, ошондой эле электр энергиясы үзгүлтүккө учураган учурда иштей турган резервдик энергия булактары менен жабдылат. Бул вакциналарды саламаттык сактоо уюмдарына сактоо жана жеткирүү процессинин бардык баскычтарында "муздак чынжырдын" талаптарын сактоого мүмкүндүк берет.