Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, , Биринчи май райондук милициянын кызматкерлери , жана Салык кызматы , ошондой эле муниципалдык инспекциясынын инспекторлору борбор калаанын Кудайберген базарында катализаторлордун сатылуусун жана сатылып алынганын текшеришти.
Ведомстводон билдиришкендей, акыркы жылдары Бишкек шаарындагы абанын булганышы жогорку деңгээлде турганы белгилүү. Анын негизги себептеринин бири – автоунаалардан чыккан уулуу газдар. Буга чейин айрым унаалардын катализаторлору жок же иштебей тургандыгы экологияга терс таасир берип жатканын көрсөтүүдө.
Маалыматта айтылгандай, бул иш-чаранын максаты – унаалардагы катализаторлордун маанисин түшүндүрүү болду.
Мындан сырткары, текшерүү учурунда катализаторлордун иштебей тургандыгы абага 30-35% уулуу заттардын бөлүнүп чыгышына алып келерин көрсөттү.
Белгилей кетсек, унаалардын катализаторлору абага чыккан уулуу заттарды азайтууга көмөктөшөт. Эгер катализаторлор иштебесе же жок болсо, автоунаалардын чыгаруучу түтүнү калк үчүн олуттуу көйгөйгө айланат.
"Биз калкка унааларындагы катализаторлорду текшерип, аларды оңдоп турууга чакырабыз. Бул иш чара экологиянын жакшыртылышына жана таза абанын түзүлүшүнө жардам берет",-деп айтылат маалыматта.