Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыгып, 12 бөлүм тартылды

Кырсык 1757 25 Февраль 2025 08:50
476355740_1033593282146731_5309206231484012051_n.jpg
480738863_1033593058813420_35780546280697034_n.jpg
480921071_1033592915480101_5199771705845389642_n.jpg
480963429_1033593382146721_827360931229563983_n.jpg
481010765_1033593148813411_798345962355815777_n.jpg
481112407_1033593005480092_4583842339118730938_n.jpg
481252179_1033593102146749_8814951467086549244_n.jpg
481281815_1033592958813430_1155133447308446020_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкекте унаа тетиктерин саткан дүкөндөн өрт чыгып, 12 бөлүм тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-февралда саат 02:19да П.Лумумбы жана Профсоюзная көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан унаа тетиктерин сатуучу дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 12 бөлүм жана штаб тартылган.

Мындан тышкары, райондук элекр тармактарынан 1 бригада, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж жана "Бишкек" тазалык муниципалдык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Өрт 06:04тө чектөөгө алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок. Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.

Кошумча маалыматтар берилет.