Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды

Коом 16 октябрь 2026 09:50
Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды
copyright icon WWW

Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-октябрда саат 20:40 чамасында Чүй проспектисиндеги №190 имараттын тушунда болгон.

Алдын ала маалымат боюнча, батышты көздөй бара жаткан №38 автобус ошол эле багытта жүрүп бараткан Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү алты унааны сүзгөн.

Жабыркаган төрт жаран медициналык жардам алышкан. Алдын ала маалымат боюнча, автобустун айдоочусу мас абалында болгон.

Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо боюнча текшерүү жүрүп жатат.