Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кырсык 15 октябрь 2026 09:45
Нарында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды
copyright icon WWW

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. 14-октябрда саат 21:09да Нарын облусунда жер титирөө катталды. Анын күчү очогунда 3 баллды түздү. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөнүн очогу Байбиче-Тоо тоолорунда, Ак-Булак айылынан түштүккө карай 14 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышка карай 32 чакырым аралыкта жайгашкан.

Ак-Булак айылында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга жеткен.