Бишкек, 19.10.26. /Кабар/. Бишкекте алты унааны сүзгөн автобустун айдоочусу кырсык болгон күнү эртең менен наркологиялык текшерүүдөн өтүп, жол баракчасын алган. Бул тууралуу "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, №38 каттамдагы "Zhongtong" үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу саат 07:30да текшерүүдөн өткөн. Кырсыктан кийин Жол кайгуул кызматынын кызматкерлери аны алкоголдук мас абалын аныктоо үчүн медициналык текшерүүгө алып кетишкен. Айдоочунун документтери, анын ичинде жол баракчасы да алынган.
Муниципалдык ишкана айдоочуда тиешелүү документтер болгонун белгилеп, текшерүүдөн өтпөгөнү жана жол баракчасы жок болгону тууралуу маалыматтарды четке какты.
Белгилей кетсек, 15-октябрда саат 20:40 чамасында аталган автобустун айдоочусу мас абалында каттамга чыгып, 6 унааны сүзүп кеткен.