Бишкекте “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу улуттук форум өттү

Коом 1112 02 Апрель 2026 17:50
661579414_1517191567082139_1481554283428565715_n.jpg
662086997_1517191680415461_6435268784482185076_n.jpg
661425338_1517191643748798_4638602166651704576_n.jpg
662896823_1517191600415469_3276724783129609439_n.jpg
662326949_1517191537082142_3542417274176662218_n.jpg
659864926_1517191533748809_5495366846000931852_n.jpg
661185086_1517191467082149_7792551635637492271_n.jpg
662295881_1517191480415481_2479182551724132890_n.jpg
658950633_1517191463748816_940527717733680989_n.jpg
662536247_1517191370415492_8327833565489539826_n.jpg
659920811_1517191377082158_5995233325641307979_n.jpg
660604049_1517191373748825_8509434298493697219_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Бүгүн, 2-апрелде Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” аттуу чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын улуттук форуму өттү.

Иш-чара мамлекеттик катчы Арслан Койчиевдин төрагалыгында президенттин администрациясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан уюштурулду.

Форумга министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин кеңешчилери Чолпонбек Абыкеев жана Марат Иманкулов, экс-премьер-министрлер, ошондой эле өлкөнүн жети облусунан, Бишкек жана Ош шаарларынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чыгармачыл союздардын мүчөлөрү, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маданият, искусство жана билим берүү тармактарынан жалпы 800гө жакын делегат катышты.

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев өз сөзүндө “Уңгу жол: маданий-руханий жаңылануу” урааны алдында өтүп жаткан форум чыгармачыл жана илимий интеллигенцияны бириктирүүгө, өлкөнүн руханий өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүгө, ошондой эле чыгармачыл инсандар менен илимпоздордун жаңы муунун тарбиялоого багытталганын баса белгиледи.

Форум улуттук аң-сезимди, маданий мурасты жана илимий ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча экени белгиленди. Коңшу мамлекеттер руханий жаңылануу жана ренессанс аркылуу өнүгүүгө умтулуп жаткан шартта, Кыргызстан да өзүнүн “кыргыз ренессансын” жарата алат.

Кыргыз эли тарыхый тажрыйбасындагы татаал шарттарга карабастан, улуу инсандарды тарбиялап, маданият жана илим тармактарында олуттуу жетишкендиктерге жетишкендиги айтылды. Айрыкча XX кылымда адабият, кино, театр жана искусство жаатында дүйнөлүк деңгээлдеги ийгиликтер жаралган.

Азыркы учурда да кино, сүрөт өнөрү жана илим тармактарында жаңы жетишкендиктер байкалууда. Мамлекет эл аралык деңгээлде таанылган ишмерлерди колдоону күчөтүүнү, гранттарды кеңейтүүнү жана өнүгүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүнү көздөйт.

Экономиканын маанилүү сектору катары креативдүү индустриянын мааниси жана маданият менен илимди интеграциялоо зарылдыгы баса белгиленди.

Форумдун жыйынтыгында кабыл алынган чечимдер өлкөнүн руханий, илимий жана маданий өнүгүүсүн камсыздоого, ошондой эле чыгармачыл жана интеллектуалдык потенциалды бириктирүү аркылуу “кыргыз ренессансына” жетүүгө багытталат.